Видео

Токтобек Асаналиев & Гүлжан Кулманбетова - Кимибизден (Official Live Audio)
Смотреть «Токтобек Асаналиев & Гүлжан Кулманбетова - Кимибизден (Official Live Audio)» на YouTube

В составе

Создатели

ИСПОЛНИТЕЛИ
Токтобек Асаналиев
Исполнитель
Гүлжан Кулмамбетова
Исполнитель
МУЗЫКА И СЛОВА
Жанышбек Кочкоров
Композитор
Дооронбек Садырбаев
Автор песен

Слова

Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден
Адашып, атаганат, баратабыз
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн
Кайран кез, кандай сонун убак эле
Сезимдер эңсөө төрөп турар эле
Сагынып, самап келсем сапарымдан
Саамайың саамал кымыз сыңар эле
Башатын махабаттын чандыи беле?
Байкабай капа кылып алдым беле?
Болбосо боз уланга менден артык
Бой салып, ашык болуп калдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык
Бой салып, ашык болуп калдың беле?
Көңүлдүн муз төрүнө бара электе
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе
Written by: Дооронбек Садырбаев, Жанышбек Кочкоров
instagramSharePathic_arrow_out