Похожие песни
Создатели
ИСПОЛНИТЕЛИ
Руслан Асанкан
Исполнитель
Мирлан Ниязов
Двенадцатиструнная акустическая гитара
МУЗЫКА И СЛОВА
Кубик Калыков
Автор песен
Слова
Эч кимге теңей албайм жалгыз сени,
Эч бир күч кетире албайт алыс мени.
Эркелеп эч ким жокто жаш баладай.
Эрмектеп жазылгыча көңүл чери.
Сен кетпечи жанымдан,
Сен кетпечи.
Сезимим жалындаса,
Мейли дечи.
Жан дүйнөм
Жалгыздыктан коркуп келет,
Сен кетпечи!
Жаныма жакын келип, тиктеп калсаң,
Көздөрүм ойноп кетет сүйүү жанган.
Жүрөктүн алы кетип турган кезде,
Сураймын жалгыз гана сенден жардам.
Written by: Кубик Калыков