Credits
PERFORMING ARTISTS
Nurmat Sadyrov
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Nurmat Sadyrov
Composer
Эрнест Жоошев
Composer
Жылдызбек Турсунбаев
Songwriter
Lyrics
Карегиңден окуп турам, мени гана сүйөсүң,
Карап койсом толкуп улам сыр билгизбей жүрөсүң.
Көздөрүңдү ала качып,
Көрбөй калсаң санаа басып,
Карлыгачым тарта бербе убайым.
Апакемди сүйүндүрүп,
Ак шөкүлө, көйнөк кийип
Акыр бир күн сен болосуң жубайым.
Куп жарашкан, кол кармашкан биз болобуз эки жаш
Жашырбастын, жалын чачкан жүрөгүңө эшик ач
Сүйлөшпөйсүң кат жазасың,
Сүрдөнөсүң, башкачасың,
Анчалык көп назданба деп сурайын.
Сандыгынан жоолук тандап,
Эл чакырып боорсок камдап,
Жеңелерим чуркап калсын ылайым.
Апакемди сүйүндүрүп,
Ак шөкүлө көйнөк кийип,
Мына бүгүн сен болосуң жубайым.
Written by: Жылдызбек Турсунбаев, Нурмат Садыров, Эрнест Жоошев