Music Video
Top Songs By Кайрат Примбердиев
Credits
PERFORMING ARTISTS
Кайрат Примбердиев
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Кайрат Примбердиев
Songwriter
Өктөм Сапар уулу
Composer
Lyrics
Бул дүйнөгө кимдер гана кимдер келип кетпеген
Татаал мезгил таразасына кимдер гана түшпөгөн
Калың журтту канжалатып хандар өткөн дүйнөдөн
Кара жондон камчы кетпей, кулдар өткөн дүйнөдөн
Көргөн жанды адаштырган сулуу өткөн дүйнөдөн
Эки журтту чабыштырган уруу өткөн дүйнөдөн
Сыноо үчүн жаралганбыз (оо,бурадар дүйнөдөн???)
Бирде өйдө, бирде ылдый жалган экен бул дүйнө
Алла сөзүн даңазалап, пайгамбарлар жашаган
Оо адамзат, акыл берип, Алла бизди жараткан
Жаратканды дайым даңктап, кечирим тап намаздан
Ууру кылбай, ушак айтпай, алыс болгун жалгандан
Алакандай кыргыз элим алты санга бөлүндү
Түндүк, Түштүк деген сөздөр эл ичинде көбөйдү
Ынтымагы бар эл болсо ырысы бар ал элдин
Бөлүнбөстөн бирге болсок, келечеги кең элдин
Кыздарыбыз намыстанбай, дене саткан күн келди
Арак ичкен, кыргыз уулу жерде жаткан күн келди
Эртеңибиз кандай болот, ойлон элим, ойлончу
Ыйман менен жүрөк толук ойгон элим, ойгончу
Алла сөзүн даңазалап, пайгамбарлар жашаган
Оо адамзат, акыл берип, Алла бизди жараткан
Жаратканды дайым даңктап, кечирим тап намаздан
Ууру кылбай, ушак айтпай, алыс болгун жалгандан
Алла, кечиргин менин күнөөлөрүмдү, Алла
Ыйманга толтурчу жүрөгүмдү Алла,Алла
Writer(s): кайрат примбердиев, өктөм сапар уулу
Lyrics powered by www.musixmatch.com