Similar Songs
Credits
PERFORMING ARTISTS
Руслан Асанкан
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Бек Борбиев
Songwriter
Lyrics
Жаз айы, жамгыр басылбай,
Жаралуу жүрөк жазылбай.
Аскадай булут баскан,
Көңүлүм менин ачылбай.
Жалганчы жаздын демиби?
Азгырып сени кеттиби?
Жамгырга мени таштап,
Жалооруп карап койбой,
Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби?
Эх, жаным, кичинекей,
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей,
А мен чабалекей,
Учамын сени издей.
Көргөнгө сени көзүм зар,
Айтайын деген сөзүм бар.
Сактаган жүрөгүмдө,
Арнаган сага сүйүүм бар.
Кантемин сенсиз өмүрдү,
Жамгырлуу, муздак көңүлдү?
Күнөөлөйм ушул жаздай,
Бир көрүп сүйүп калган,
Сен деген жаш жүрөгүмдү.
Эх, жаным, кичинекей,
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей,
А мен чабалекей,
Учамын сени издей.
Written by: Бек Борбиев