Lyrics

Бир карашың менен Жан дүйнөмдү терең жараладың, аябадың Мен сага чейин бул сезимди Байкабаганмын Э-э-эй Канча ирет сүйүүгө арбалдым Калчабастан чын-жалганын Кара чачтуунун баарын Мен капилет эми таттымбы? Чын махабат даамын эээ Жакын элем Асман менен жылдыздардай жакын элем Сага ырларын арнаган акын элем Издеп жүрүп тапкан асыл затым элең Оу затым элең Э-э-эй Таттуу белең? Эриндериң кулпунайдай таттуу беле? Сен аябастан жаралап аттың мээлеп Мен өзуң менен махабатка баткым келет Аа баткым келет Сүрдөйм, термелем мен Кармап колуңдан жетелесем Мен жактырган баардык касиет Бир өзүңдө барбы еее? Кемигеним толуктадың Кетирдиңби жоруктарым? Кемчилигим жабып Мен келечегимди байладым Бир өзүңө жаным Өзүңө жаным Жакын элем Асман менен жылдыздардай жакын элем Сага ырларын арнаган акын элем Издеп жүрүп тапкан асыл затым элең Оу затым элең Э-э-эй Таттуу белең? Эриндерин кулпунайдай таттуу беле? Сен аябастан жаралап аттың мээлеп Мен өзүң менен махабатка баткым келет Аа баткым келет Уксам сүйкүм күлкүң керемет Сүйүүм күндөн-күнгө сага тереңдеп Тагдырга ыраазымын жазыгым Бир сени берген деп Бир сени берген деп Сага ырларын арнаган акын элем Акын элем эй Тапкан асыл затым белең эээ Оу затым элең Э-э-эй Таттуу белең? Таттуу белең? Эриндериң кулпунайдай таттуу беле? Эриндериң Мен өзүң менен Мен өзүң менен махабатка Э-э-эй баткым келет
Writer(s): Manasbek Bulanbek Uulu Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out