album cover
Туулган Жерди Сагынуу (Live)
6
Pop
Туулган Жерди Сагынуу (Live) was released on January 1, 2019 by Infinity Music as a part of the album Бенефис (Live)
album cover
Release DateJanuary 1, 2019
LabelInfinity Music
Melodicness
Acousticness
Valence
Danceability
Energy
BPM72

Music Video

Music Video

Lyrics

Уйкуман серпилгенде алыс жакта
Айылдын ак таңдары эске келет
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп
Көңүлүм өскөн жерге имерилет
Көңүлүм өскөн жерге имерилет
Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн
Апалар таңдан туруп уй сааганда
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн
Туулган жер кудуретин сагындырып
Элесиң көз алдыма мелт калт этет
Айлыма өзүм жетпей оюм жетип
Үмүтүм закымдарга батып кетет
Үмүтүм закымдарга батып кетет
Айлыма өзүм жетпей оюм жетип
Үмүтүм закымдарга батып кетет
Үмүтүм закымдарга батып кетет
Written by: Гульнур Сатылганова
instagramSharePathic_arrow_out􀆄 copy􀐅􀋲

Loading...