Featured In

Credits

PERFORMING ARTISTS
Бек Борбиев
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Бек Борбиев
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
GMS music
Producer

Lyrics

Кубанабыз баарыбыз
Жаңы жылда жылына
Көңүлүбүз бөлөнүп
Өмүрдүн шаң ырына
Жараткан чачкан кут болсо
Баарыбызга тең жетсин
Жаңы үйлөнгөн жубайларга
Жаңы жылым бакыт берсин!
Бакыт берсин!
Келсин Жаңы жылым, келсин
Элге бакыт-таалай берсин!
Аруу сезим, тун сезим
Ыйман, ызат ала келсин!
Жаңы жылды тособуз
Жакшы тилек-ой менен
Шаңдуу көңүл, шапар менен
Шарап аткан той менен
Таарыныч, капалык болсо
Досту досу кечирсин
Жаңы жыл бейкут жыл болсун деп
Аксакалдар бата берсин!
Бата берсин!
Келсин Жаңы жылым, келсин
Элге бакыт-таалай берсин!
Аруу сезим, тун сезим
Ыйман, ызат ала келсин!
Кубанабыз баарыбыз
Жаңы жылда жылына
Көңүлүбүз бөлөнүп
Өмүрдүн шаң ырына
Жараткан чачкан кут болсо
Баарыбызга тең жетсин
Жаңы үйлөнгөн жубайларга
Жаңы жылым бакыт берсин!
Бакыт берсин!
Келсин Жаңы жылым, келсин
Элге бакыт-таалай берсин!
Аруу сезим, тун сезим
Ыйман, ызат ала келсин!
Келсин Жаңы жылым, келсин
Тынчтык берсин, ырыс берсин!
Кош айтып өткөн жылыбыз
Кайгы-муңун ала кетсин!
Written by: Бек Борбиев
instagramSharePathic_arrow_out