Music Video
Music Video
Credits
COMPOSITION & LYRICS
Zere Asylbek
Songwriter
Zere Asylbek kyzy
Songwriter
Lyrics
Убакыт келсе, заман өтсө
Кандай өмүр сүрөм үйрөтпөсө
"Мындай кыл сен, андай кылба"
Деген сөздөр айтылбаса
Неге болом сен айткандай
Же көпчүлүк калаагандай?
Адам болгонум, сөз эркиндигим
Кана сыйың мага карай?
Сени сыйлайм, мени сыйла
Сени менен мен экөөбүз
Келсең жаным, кошул мага
өз эркиндигибизди биз
Жаратабыз айланада
Сени менен мен экөөбүз
Келсең жаным, кошул мага
өз эркиндигибизди биз
Жаратабыз...
Убакыт келет, заман өтөт
Эч ким мага антип сүйлөбөйт
"Муну кийбе аны кылба"
Сен мага антип кыйкырба!
Неге болом сен айткандай
Же көпчүлүк калаагандай?
Адам болгонум, сөз эркиндигим
Кана сыйың мага карай
Сени сыйлайм, мени сыйла
Сени менен мен экөөбүз
Келсең жаным, кошул мага
Өз эркиндигибизди биз
Жаратабыз айланада
Сени менен мен экөөбүз
Келсең жаным, кошул мага
өз эркиндигибизди биз
Жаратабыз айланада
Эч бирибиз өзун кем сезбесин
Эч бир нерседен сен кем эмессиң
Сени менен мен экөөбүз
Келсең жаным, кошул мага
өз эркиндигибизди биз
Жаратабыз айланада
Сени менен мен экөөбүз
Келсең жаным, кошул мага
өз эркиндигибизди биз
Жаратабыз айланада
Written by: Zere Asylbek, Zere Asylbek kyzy