制作
出演艺人
Бегиш
表演者
G-VOO
表演者
Баястан Ботоканов
表演者
作曲和作词
Азамат Закиров
作曲
Баястан Ботоканов
词曲作者
Бегалы Белекбаев
词曲作者
Эркин Уулу Нурсултан
词曲作者
歌词
Заманбап!
Билем азыркы убактар
Көңүлүң менен кулак сал
Түбөлүк эмес ачкалык заман
Жылмаюуга сен убак тап
Өтөт күндөр жүрөктү өйкөгөн
Көңүлүң үчүн мен өрттөгөм
Сөзүн жазгам чын жүрөктөн
Ишен, эртең сонун бүгүндөн
Артта болсун оор мезгил
Ар бир көз ирмемди сезгин
Эч качан чөкпө, жашыңды төкпө
Жашоонун ширесин эзгин
Сен таза болуп, мен таза болуп
Өнүксүн кыргыз элим
Эркиндик келди эми
Кусалыкты сен кемит
Кандай гана күн болбосун
Жаныңда досторуң болсун сенин
Жакшылыкта келип бөлүп кубаныч
Жамандыкта жаныңа келсин
Бул жашоодо биз бир жашайбыз
Ошону унутпайлы
Убакытты барктай бил
Солго тартпайлы, чындыкты байкайлы
Жоголсун бар кайгы
Алдыга аттайлы
Алгалай бер бергин менин элим, ишен
Келечегиң кең сенин
Бар керемет, жериң
Ак көңүл жердештериң
Бар эне тилиң
Бар эр, азамат желдеттериң
Көңүлүңдү көтөр элим
Сен кап этпегин
Сен кап этпегин
Жамандын чегине жетпегин
Өмүрдүн ач дептерин, китептерин
Сен кирдетпегин...
Тарыхка калтыр из, толукта болсун кемсиз
Кыргызстанды калтырба жемсиз
Кудайым өзү береке берсин!
Бул деген заманбап мезгилдин ыргагын
Билдирип, достукка чакырган ыр
Сездиңби мезгилдин учканын
Убакыт тутканын, кунт салып, унутпа жыл
Билсең менин элим жылып келет бат
Билип жүргүн дос, сенде деле керек бар
Өмүрүңдө бир жолу сен
Жериң үчүн белек тап
Көңүлүңдөн чыккан салым, аябастан берип сал
Карабагын, адамдардын амалдарын
Аларга сен камалбагын
Алдамчыга алданбагын
Жамандыкка жалданбагын
Жардам берчү балдар барын
Арзан келчү жандар барын
Алар менен камданбагын, сен!
Алгалай бер бергин менин элим, ишен
Келечегиң кең сенин
Бар керемет, жериң
Ак көңүл жердештериң
Бар эне тилиң
Бар эр, азамат желдеттериң
Көңүлүңдү көтөр элим
Сен кап этпегин
Сен кап этпегин
Жамандын чегине жетпегин
Өмүрдүн ач дептерин, китептерин
Сен кирдетпегин...
Тарыхка калтыр из, толукта болсун кемсиз
Кыргызстанды калтырба жемсиз
Кудайым өзү береке берсин!
Written by: Азамат Закиров, Баястан Ботоканов, Бегалы Белекбаев, Эркин Уулу Нурсултан