歌词
Кандай гана керемет жаштык деген кезиң
Күн сайын коштогон шаттык сезим
Кыдырып жүргөндө жүздөгөн жолду кезип
Биз жеңебиз эмне деген кыйынчылык кезикпесин
Кандай гана керемет ар бир күн
Кайгырба демек ойноп күл
Сүйүүнү жаратып сүйүгүн
Бакытты бекер эле берет жарык тийген күн
Чоң маанини малмилеге дайыма берели биз
Ийгилик жолун улап
аркада калтырып из
Достору колдогон адам болот экен жеңилгиз
А Чөнтөгүңдө канча акча бары маанисиз! ооба!
Кантыңды кенен жай, жай
Асманда сызган куштай
Себеби ар бирибиз жакшы билебиз
Байлыгы бар эмес достору бар адам бай
Жаркылдаган маанайда
Кел бирге алгалайлы
Күн сайын күлүп жайна
Сапар улап кайда барба!
Кайгырбагын дос... дос... дос
Жеңебиз баарын дос... дос... дос
Ааа досум
карачы Жараткан берген бул табияттын кооздугун
Кел
Жылмайып таңды тосуп
Ырдайлы ообон созуп
Жыргалга толгон күндөр көп болсун деп
Эртеңки күндөрүбүз окулбаган китеп
бирде ылдый болсок бирде учуп бийикте
Сен кабагыңды түйбө жолуң болбой калса биртке
Дагы жетебиз көпкө сабырдуу боло билсек
Оомат кел кел биз тараптарга
Бул шар аккан жашоодо баратканда
Таң жаңы атканда же күн батканда
Кудай жалга жамандыктардан
Өтө берет экен убакыт менен баары
мезгилдер менен агып жашообуз жылдары
Бирок түбөлккө достугубуз сакталат
Сакталат жүрөктөрдө ушул ырдын саптары
Жаркылдаган маанайда
Кел бирге алгалайлы
Күн сайын күлүп жайна
Сапар улап кайда барба!
Кайгырбагын дос... дос... дос
Жеңебиз баарын дос... дос... дос
Written by: Асанбеков Эмирлан Субаналиевич, Таалайбек Уулу Ильяз


