歌词
Бирөөгө кор болбой тосуп таңды
Башыңды көтөрүп жүргөн жакшы
Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө
Адамдар адамдай болгон жакшы
Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө
Адамдар адамдай болгон жакшы
Байлыгың кол жеткис болсо дагы
Денсоолук болбосо кеппи баары
Ата энең, жакындар, өзүң аман
Байлыгың ушулар болгон жакшы
Ата энең, жакындар, өзүң аман
Байлыгың ушулар болгон жакшы
Кээ бири бактым деп өзүн алдайт
Байлык бар, адамдык касиет жок
Кээ бири шүгүр деп жака кармайт
Байлык жок, жашоодо көңүлү ток
Кээ бири шүгүр деп жака кармайт
Байлык жок, жашоодо көңүлү ток
Канчалык сыноолор болсо дагы
Жашоодо сый урмат болгон жакшы
Денеде оорулар болсо дагы
Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы
Денеде оорулар болсо дагы
Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы
Денеде оорулар болсо дагы
Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы
Адамдар адамдай болгон жакшы
Written by: Чынгыз Турдубеков