制作

出演艺人
Чынгыз Турдубеков
表演者
作曲和作词
Чынгыз Турдубеков
词曲作者

歌词

Экөөбүз эңсеп күткөн
Кезигүүбүз оңунан чыкпады
Билбедим эмне себеп
Же мага айтпаган сырың барбы?
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган
Гүлүмдө күнөө беле?
Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады
Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады
Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды
Сунулбай гүлүм калды
Күтүүдөн көңүл түшүп
Карай берип улам ар бир жакты
Келгениме өкүнтүп
Түрлүү ойлор улам сабалады
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган
Гүлүмдө күнөө беле?
Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады
Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады
Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды
Сунулбай гүлүм калды
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган
Гүлүмдө күнөө беле?
Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады
Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады
Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды
Сунулбай гүлүм калды
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады
Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды
Сунулбай гүлүм калды
Written by: Чынгыз Турдубеков
instagramSharePathic_arrow_out