精选于

制作

出演艺人
Ырыскелди Сатыбалдиев
表演者
作曲和作词
Жумабек Уулу Нурболот
作曲
Калыбек Уулу Саламат
词曲作者

歌词

Кайраты курч өчпөс сыядай
Кол сунат кыялбай
Канатына калкалаганың
Эсимден чыгарбайм
Билим менен ай ааламга
Жол сал деген кептери
Көңүлүмө түйүп алгам
Жоголбойт ал дептерим
Билими жок өмүр өтсө
Бийиктикти көрбөй өтмөк ал адамзат
Шагы сынбай мөмө төккөн
Мугалимдин баасы кымбат баркта сыйлап
Ай баркта сыйлап
Ай баркта сыйлап
Ай баркта сыйлап
Ай баркта сыйлап
Ар кыялга чыдамы жеткен
Мугалим эжекем
Кол жазмадай тизилтип алып
Артынан ээрчиткен
Кылым калчу атыңар бар
Чырактай жанасыңар
Деген эле мугалимим
Бал сөзүн карасаңар
Билими жок өмүр өтсө
Бийиктикти көрбөй өтмөк ал адамзат
Шагы сынбай мөмө төккөн
Мугалимдин баасы кымбат баркта сыйлап
Ай баркта сыйлап
Ай баркта сыйлап
Ай баркта сыйлап
Ай баркта сыйлап
Written by: Жумабек Уулу Нурболот, Калыбек Уулу Саламат
instagramSharePathic_arrow_out