歌词
От болуп сүйүп жалындай
Ошумду көрөмүн жанымдай
Өрүк зарлуу Баткен жергем менин
Өмүргө бүткөн багымдай
Ааламга берген Манасты
Ардактайм асыл жер Таласты
Жаштыктын шаары Жалал Абад
Жаркырап гүлүн жаңы ачты
Мекеним менин Кыргызстан
Өркүндөй бергин, өсө бер
Канат кагып, күйүп жанып
Кадырыңа жетемин!
Мекеним менин Кыргызстан
Өркүндөй бергин, өсө бер
Бактың үчүн билим күчүм
Баркыңа мен жетемин!
Ырыска толгон жер бети
Ысык-Көл кыргыздын бермети
Борборлордун арасынан
Бишкекке жоктур жетери
Өзүмдүн көрөм үйүмдөй
Өзөн бир бар бекен Чүйүмдөй
Көргөндө көркөм Нарынды
Көңүлүм койбойт сүйүнбөй
Written by: Н.Кадырбеков, Темир Назаров