Guljigit Kalykov 的热门歌曲
制作
出演艺人
Guljigit Kalykov
表演者
作曲和作词
Асанкалый Керимбаев
作曲
Анатай Өмүрканов
词曲作者
歌词
Бар тарабым бир гана сен жыттанып
Бажырайган көздөрүңө суктанып
Бакытымдай мүнөт сайын сени эстейм
Баскан изиң башкалардан кызганып
Баскан изиң башкалардан кызганып
Жылдыз болуп көзүң турса күлүңдөп
Уктай албайм бүткөн боюм дүрүлдөп
Булбул бактан түнү бою тил безейт
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп
Бирин-бири көрөйүн деп батыраак
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат
Сенин шаңдуу шаркыратма сыяктуу
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат
Өзүңө деп гүлдөр терип адырдан
Ырлар окуйм өзүңө деп жазылган
Кайсы күнү сылаарымды билбеймин
Желден башка сылабаган чачыңдан
Желден башка сылабаган чачыңдан
Кайсы күнү сылаарымды билбеймин
Желден башка сылабаган чачыңдан
Written by: Анатай Өмүрканов, Асанкалый Керимбаев