Guljigit Kalykov 的热门歌曲
制作
出演艺人
Guljigit Kalykov
表演者
作曲和作词
Аксуубай Атабаев
作曲
Сагындык Өмүрбаев
词曲作者
歌词
Тамчыдай денедеги сүтүң менен
Талпынтып ак бешикке баккан энем
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан
Маңдайда менин батпас күнүм белең
Асыл энем, таалайым сенсиң энем
Жыргалым сен, бакытым сен
Сүйүктүү менин энем
Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем
Алдыңа ажал келип турса дагы
Мен үчүн жанды курман кылат элең
Асыл энем, таалайым сенсиң энем
Жыргалым сен, бакытым сен
Сүйүктүү менин энем
Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө
Асманда ай нурундай асыл энем
Көзүмдүн карегиндей бапестеген
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Асыл энем, таалайым сенсиң энем
Жыргалым сен, бакытым сен
Сүйүктүү менин энем
Сүйүктүү менин энем
Written by: Аксуубай Атабаев, Сагындык Өмүрбаев