Gulzhigit Satybekov 的热门歌曲
制作
出演艺人
Gulzhigit Satibekov
领唱
作曲和作词
Gulzhigit Satibekov
词曲作者
制作和工程
GMS music
制作人
歌词
Эгер болсо таарыныч
Не кыласың таарынып?
Өткөн өттү кел, досум
Келечекке кам уруп
Жайнамазга баш уруп
Жакшы адамдар доско бай
Көңүл сүйгөн достор бар
Бири-бириңди чансаң да
Тарых чанбас жолдор бар
Гүл өстүрүп көңүлгө
Не бир сонун сөздөр бар
Өз апаңдай тиктеген
Мээрим толгон көздөр бар
(Най-на-най-на-най)
Жакшылыктар көп болуп
Кудай көзү түз болуп
Жүрөйүнчү түбөлүк
Досторума дос болуп
Бактылуулук коштолуп
Жакшы адамдар доско бай
Аке-үкө достор бар
Жакшы күндөр көп болот
Бизди күткөн тойлор бар
Бал тамызып көңүлгө
Не бир ширин сөздөр бар
Наристедей тиктеген
Таза, тунук көздөр бар
(Най-на-най-на-най)
Кандай адам доско бай
Жүрөгү от шоктор бар
Беш маал намаз окуган
Ыйман толгон достор бар
Нур тамызып жүрөккө
Не бир хадис кептер бар
Досту досум деп билип
Кадырына жеткен бар
(Най-на-най-на-най)
Written by: Gulzhigit Satybekov