Токтобек Асаналиев 的热门歌曲
制作
出演艺人
Токтобек Асаналиев
表演者
作曲和作词
Абдылас Малдыбаев
作曲
Аалы Токомбаев
词曲作者
歌词
Ойлодуң бекен, ой селки, ой селки
Ойготуп кеттиң түшүмдөн
Ойногон болуп эркелеп
Өпкөндөй болдуң жүзүмдөн
Оолактан көрүп сен мени
Окшоттуң бекен түшүңдө
Көзүмдү эле ачып карасам, карасам
Көрүнбөйт менин айланам
Көмүрдөй кара чачыңа
Көңүлүм менен байланам
Көпөлөк менмин, сен чырак
Көкөлөп сага айланам
Өкүнүп күндүз байкасам, байкасам
Өбөктөп жатам күн кайдан
Өксүтпөй бизди кошкун деп
Өтпөстөй күткөн күнгө айтам
Өчөшкөн жандай тил катпай
Өзүңдөн башка кимге айтам?
Өчөшкөн жандай тил катпай
Өзүңдөн башка кимге айтам?
Written by: Аалы Токомбаев, Абдылас Малдыбаев