歌词
Тоо болгон кени бар
Ток пейил эли бар
Айгүл тоо тараптан
Атырдай жели бар
Өрүкзар - Мекеним
Баркыңа жетемин
Баткенге келгенде
Бакытты сеземин
Асыл жер бар болгун
Агарган таң болгун
Айылдан куралып
Ак жолтой шаар болдуң
Баатырлар чыгышкан
Акыйкат курушкан
Ата Журт үчүн деп
Өз жанын сунушкан
Баткеним - Баткеним
Өзүң деп ар демим
Кыргызстан башталган
Кемибес бар чебиң
Айгүл гүл ачылса
Арнайсың жаз демин
Бар болгун Баткеним
Шаар, көчөң жаңырып
Шаң күлкү жамынып
Дүйнөнүн бурчунан
Эл келет агылып
Бабалар кураган
Жаңы муун улаган
Өркүндө Баткеним
Суктансын бул аалам
Written by: Акбар Кубанычбеков, Өктөм Сапар уулу