Токтобек Асаналиев 的热门歌曲
制作
出演艺人
Токтобек Асаналиев
表演者
作曲和作词
Нарынбек Сейитбеков
作曲
Надырбек Алымбеков
词曲作者
歌词
Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө
Таалайга жазган болсоң шорум бирөө
Кадалып карегимден кетпей койдуң
Кантейин, жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө
Ак жибек сага жайган торум бирөө
Адашып сенден калса шорум бирөө
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө
Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө
Өчүрсө жанган отту шорум бирөө
Берилип башкаларды сүйө албадым
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө
Кадалып карегимден кетпей койдуң
Кантейин, жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө
Written by: Надырбек Алымбеков, Нарынбек Сейитбеков