Токтобек Асаналиев 的热门歌曲
制作
出演艺人
Токтобек Асаналиев
表演者
Гүлжан Кулмамбетова
表演者
作曲和作词
Ж. Кочкоров
作曲
Дооронбек Садырбаев
词曲作者
歌词
Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден
Адашып, атаганат, баратабыз
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн
Кайран кез, кандай сонун убак эле
Сезимдер эңсөө төрөп турар эле
Сагынып, самап келсем сапарымдан
Саамайың саамал кымыз сыңар эле
Башатын махабаттын чандыи беле?
Байкабай капа кылып алдым беле?
Болбосо боз уланга менден артык
Бой салып, ашык болуп калдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык
Бой салып, ашык болуп калдың беле?
Көңүлдүн муз төрүнө бара электе
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе
Written by: Дооронбек Садырбаев, Ж. Кочкоров