音乐视频

"Жолугабыз аз кундо" - Жанара Туратова (Жандуу үн)
在 YouTube 上观看 "Жолугабыз аз кундо" - Жанара Туратова (Жандуу үн)

精选于

制作

出演艺人
Жанар Туратова
表演者
作曲和作词
Ашыраалы Айталиев
词曲作者
К.Жакшылыков
词曲作者

歌词

Көлдүн жээги бирге бастык салкындап ой
Жайдар мүнөз жаз күнүндөй жаркылдап
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа ой
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап
Кошкун дедин көпкө чейин ай кол булгап
Кете бердин параходдо ай
Кете бердин параходдо калкылдап
Эми алысмын куса болуп сагынам
Бирок дагы бирге жүрөт тамашан
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги ой
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам
Ашыктыгым ого бетер ай артылап
Сагынганда сүрөтүнө ай
Сагынганда сүрөтүнө карасам
Ар бир кыял мүнөздөрүн көнүлдө
Унутпастан ойлойм өзүн жөнүндө
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын ой
Сагынуунун зардабына жеңилбе
Аз күн калды жолугушчу ой убакыт
Сен узаткан Ысык-Көлдүн ай
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде
Аз кун калды жолугушчу ой убакыт
Сен узаткан Ысык-Көлдүн ай
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде
Written by: Ашыраалы Айталиев, К.Жакшылыков
instagramSharePathic_arrow_out