制作
出演艺人
Юлия Руцкая
表演者
作曲和作词
Рыспай Абдыкадыров
词曲作者
Султан Оморов
词曲作者
歌词
Билбейм кайдан табылгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан
Башкалардын миңи сага татыбай
Же атайы сен жаралып мен үчүн
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?
Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө
Ал түн мага сени эскерткич белектей
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей
Уктаганда сенин уйкуң менде бар
Ойлорум да ойлоруңа киришкен
Сен экөөбүз эки сандай барабар
Сен экөөбүз эки суудай бириккен
Биз экөөбүз эки сандай барабар
Биз экөөбүз эки суудай бириккен
Written by: Рыспай Абдыкадыров, Султан Оморов