歌词
Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп
Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп
Азыр кайда бир тууган, асылдарым
Жүрөм баарың сагынып, куса болуп
Бир тууганым, таянар асылдарым
Аска-зоодой бел болор жакындарым
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм
Амандыгың тилеймин баарыңардын
Биз чоңоюп, балалык артта калып
Ар кимибиз ар тарапка багыт алып
Азыр ата-эне болуп калгансыңар
Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып
Күндөр улам зымырап өтүп барат
Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат
Сезимимди кусалык ээлеп алып
Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап
Бир тууганым, таянар асылдарым
Аска-зоодой бел болор жакындарым
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм
Амандыгың тилеймин баарыңардын
Амандыгың тилеймин кымбаттарым
Written by: Алишер Тоотаев