album cover
Менин Келинчегим
9,025
嘻哈/说唱
Менин Келинчегим 由 Infinity Music 于 2020年6月4日 发行,作为专辑“ ”的一部分。Тайманбас
album cover
发行日期2020年6月4日
唱片公司Infinity Music
旋律性
不插电
Valence
舞蹈性
能量
BPM80

音乐视频

音乐视频

制作

出演艺人
Баястан
Баястан
表演者
Нурлан Насип
表演者
作曲和作词
Баястан
Баястан
作词
Эрнест Жоошев
作曲家
Насыпбек Уулу Нурланбек
作词

歌词

Менин бактым, менин жаным болдун өзүң
Бейиш болсун эң аягы биз бараткан жолдун
Баардык жактан жарашабыз, Билем жетет менин көзүм
Турмуш алып келсе оордук мына сага менин колум
Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим
Үйгө эрте келгим келет
Жаным сени көргүм келет
Жумуштан бошоп колуңдан тамак жегим келет
Сыноолорду өттүк жаным, чын бакытты таптык жаным
Улутуңа карабаймын сүйөм сени жаным
Сенин маанайыңды дайым карайм
Бакыт таалайды да акмалайм
Сенин таарынтканды жакалайм
Менин келинчегим деп калкалайм
Сенин маанайыңды дайым карайм
Бакыт таалайды да акмалайм
Сенин таарынтканды жакалайм
Менин келинчегим деп калкалайм
Коргойм сактайм сени кымбат баалуу асыл таштай
Үшүп калсаң болуп берем сага ыссык жайдай
Сенин сүйүүң жарык берет түндө жарык айдай
Бирге жүрсөк Ала-Тоонун чокусунан тайбайм
Бактылуу билеттей болуп утуп алдым сүйүүнү
Утуп алдым бакытты мен утуп алдым өзүңдү
Көздөрүң дайым жайнап, эриндерин жылтырап
Чачтарың жазгы гүл болуп, дайым мени суктантат
Сен экөөбүз билесиңби толкун менен жээктей
Сүйлөшөбүз унчукпастан эч кимге билдирбей
Түшүнөсүң бир карап эч кимге сен билгизбей
Биздин дүйнөбүзгө эми эч кимди киргизбейм
Узатаар замат сагынамын сени
Бул сапар сага багынамын эми
Карааныңдан кагыламын мен эми
Менин келинчегим деп сени
Узатаар замат сагынамын сени
Бул сапар сага багынамын эми
Карааныңдан кагыламын мен эми
Менин келинчегим деп сени
Сенин маанайыңды дайым карайм
Бакыт таалайды да акмалайм
Сени таарынтканды жакалайм
Менин келинчегим деп калкалайм
Сенин маанайыңды дайым карайм
Бакыт таалайды да акмалайм
Сенин таарынтканды жакалайм
Менин келинчегим деп калкалайм
Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим
Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим
Written by: Ботоканов Баястан, Насыпбек Уулу Нурланбек, Эрнест Жоошев
instagramSharePathic_arrow_out􀆄 copy􀐅􀋲

Loading...