Гульнур Сатылганова 熱門歌曲
積分
演出藝人
Гульнур Сатылганова
演出者
詞曲
Гульнур Сатылганова
詞曲創作
歌詞
Жолукпай калсаң эгер
Сендейди табар белем
Жан дүйнөм толот беле
Өзүмө суроо берем
Кезикпей калсаң эгер
Бактымды табар белем
Жомогуң болбойт эле
Дегендей муздайт денем
Эң таттуу күндөр өткөн
Көл жээкте бирге болгон
Сыйкырын сезет белем
Жолукпай калган болсом
Жаркыган айлуу түндө
Таңдардын аппак аткан
Сырын ким мага ачмак
Калсаң сен жолукпастан
Ырларым сага арнаган
Кас туруп басат беле
Сырларым ичке каткан
Мен кимге айтар элем
Тагдырга ыраазымын
Өзүңө жолуктурган
Өмүргө азык болгон
Сезимге толуп турам
Тагдырга ыраазымын
Өзүңө жолуктурган
Өмүргө азык болгон
Сезимге толуп турам
Сезимге толуп турам
Сезимге толуп турам
Written by: Гульнур Сатылганова