音樂影片

收錄於

積分

出演艺人
Гульнур Сатылганова
表演者
作曲和作词
Гульнур Сатылганова
词曲作者

歌詞

Элибизге мейман келсе, Жайылат ак дасторкон. Дүйүм тамак, шербет мейиз, Дасторконго жык толгон. Кыргыз пейили тоодой бийик, Көлдөй таза, туптунук. Колдо барын төгүп салып, Аябагын достордон. Дасторконду кенен жайгын, Күлкү болсун, ыр болсун. Бабалардан калган мурас, Келе жатат бул жосун. Элге-жерге берсин бакыт, Кут төгүлгөн береке. Умай эне, Теңир ата, Урпактарын колдосун. Дасторкондун даамын сызып, Көтөрөлү көңүлдү. Ынтымагы болсун дайым, Болсун элим өмүрлүү. Намысыңды дасторкондой, Кирсиз, таза сактагын. Арам ойлуу адам келсе, Тебелетпе төрүңдү.
Writer(s): гульнур сатылганова Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out