音樂影片

Гульнур Сатылганова - Сагынарым өзүң бол
在 YouTube 上觀看「Гульнур Сатылганова - Сагынарым өзүң бол」

收錄於

積分

演出藝人
Гульнур Сатылганова
演出者
詞曲
Гульнур Сатылганова
詞曲創作

歌詞

Шактарын ачкан гүлдөрдөй
Шамдарын жаккан түндөрдөй
Шаанисин эстейм шаттыктын, ий
Шаңк этип өзүң күлгөндөй
Ак нурум - сен, ак сулуум - сен
Жандандырып өмүрүмдү
Жарык кылып көңүлүмдү
Жан ыргагы өзүң бол
Өргүбөй өткөн күндөрдөй
Өмүрлөр өтөр бир келбей
Түгөнбөй ойдун түйүнү, ий
Түн узак кирпик ирмелбей
Жалжалым - сен, жандаарым - сен
Алыстатпа жаштыгымды
Арнап турган жакшы ырымды
Атар таңым өзүң бол
Алыстап улам карабай
Алдаба мени баладай
Азгыра берет элесиң, ий
Арманым болуп тарабай
Караарым - сен, кайдасың сен?
Карааныңды каркырадай
Сапар тартып бараткандай
Сагынарым өзүң бол
Written by: Гульнур Сатылганова
instagramSharePathic_arrow_out