Гульнур Сатылганова 熱門歌曲
類似的歌曲
積分
演出藝人
Гульнур Сатылганова
演出者
詞曲
Гульнур Сатылганова
詞曲創作
歌詞
Уйкуман серпилгенде алыс жакта
Айылдын ак таңдары эске келет
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп
Көңүлүм өскөн жерге имерилет
Көңүлүм өскөн жерге имерилет
Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн
Апалар таңдан туруп уй сааганда
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн
Туулган жер кудуретин сагындырып
Элесиң көз алдыма мелт калт этет
Айлыма өзүм жетпей оюм жетип
Үмүтүм закымдарга батып кетет
Үмүтүм закымдарга батып кетет
Айлыма өзүм жетпей оюм жетип
Үмүтүм закымдарга батып кетет
Үмүтүм закымдарга батып кетет
Written by: Гульнур Сатылганова