album cover
Мөлмөлүм
18,440
流行樂
Мөлмөлүм 由 Infinity Music 於 2015年12月14日發行,收錄於專輯《 》中Сүйүүм Сакталат
album cover
發行日期2015年12月14日
標籤Infinity Music
旋律
原聲音質
Valence
節奏感
輕快
BPM129

歌詞

Беттин көркү нур менен
Белдин көркү кур менен
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм
Белгилүү болсун ыр менен
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм
Бир карасаң жүрөккө от
Чачылгандай, Мөлмөлүм
Маңдай чачың Маргалаң
Жибегиндей, Мөлмөлүм
Сенин ышкың баланын
Тилегиндей, Мөлмөлүм
Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм
Созулганың зергердин
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм
Майиндигиң жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн
Күйдүм, Мөлмөл, аппагым
Ааламдан сендей таппадым
Издеп-издеп күн-түнү
Мөлмөлүм! деп какшадым
Секин баскан бутуңдан
Сейдана мончок жытыңдан
Кадам койгон бутуңдан
Калемпир мончок жытыңдан
Чыныга куйган бал болсоң
Чымындай ага малынсам
Чыга албай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам
Чыгарып койсоң боор ооруп
Чырагың болуп жагылсам
Алты оролуп мойнуңа мен
Ак маржан болуп тагылсам
Берейин десем малым жок
Мал табууга алым жок
Кедейликтин дартынан
Тышым жалын, ичим чок
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок
Көрүнүп койсоң бир жолу
Булуттан чыккан айга окшоп
Көрүнүп койсоң бир жолу
Булуттан чыккан айга окшоп
Written by: Барпы Алыкулов, Мирбек Атабеков
instagramSharePathic_arrow_out􀆄 copy􀐅􀋲

Loading...