歌詞
Ай Чолпон жүзүң ак маңдай
Ажарың сүйкүм ак таңдай
Асманым жарык сен менен
Ай Күнүм нурун чачкандай
Садагам, бакытым сен бал тамган
Адашам, жамандыктан жалгандан
Самаган, түбөлүктүү түгөйүм
Садагам карегиңе байланам
Жалының жанга жаккандай
Жамалың гүлдөн ачкандай
Жанбиргем күндө кубанам
Жоготуп кайра тапкандай
Садагам, бакытым сен бал тамган
Адашам, жамандыктан жалгандан
Самаган, түбөлүктүү түгөйүм
Садагам карегиңе байланам
Садагам, бакытым сен бал тамган
Адашам, жамандыктан жалгандан
Самаган, түбөлүктүү түгөйүм
Садагам карегиңе байланам
Садагам карегиңе байланам
Written by: Алтынбек Алымов, Кудайберди Айтбосунов, Өктөм Сапар уулу

