音樂影片

Гүлжигит Калыков / "Эне жөнүндө баллада" / Жандуу үн
在 YouTube 上觀看「Гүлжигит Калыков / "Эне жөнүндө баллада" / Жандуу үн」

收錄於

積分

演出藝人
Guljigit Kalykov
Guljigit Kalykov
演出者
詞曲
Аксуубай Атабаев
作曲
Сагындык Өмүрбаев
詞曲創作

歌詞

Тамчыдай денедеги сүтүң менен
Талпынтып ак бешикке баккан энем
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан
Маңдайда менин батпас күнүм белең
Асыл энем, таалайым сенсиң энем
Жыргалым сен, бакытым сен
Сүйүктүү менин энем
Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем
Алдыңа ажал келип турса дагы
Мен үчүн жанды курман кылат элең
Асыл энем, таалайым сенсиң энем
Жыргалым сен, бакытым сен
Сүйүктүү менин энем
Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө
Асманда ай нурундай асыл энем
Көзүмдүн карегиндей бапестеген
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Асыл энем, таалайым сенсиң энем
Жыргалым сен, бакытым сен
Сүйүктүү менин энем
Сүйүктүү менин энем
Written by: Аксуубай Атабаев, Сагындык Өмүрбаев
instagramSharePathic_arrow_out