音樂影片

Айжамал Кабылова - Кайда кеттиң
在 YouTube 上觀看「Айжамал Кабылова - Кайда кеттиң」

收錄於

積分

演出藝人
Айжамал Кабылова
演出者
詞曲
Кудайберген Темиров
作曲
Ташполот Маматжанов
詞曲創作

歌詞

Неден жаздым, неден жаңылдым
Не себептен мага таарындың?
Жылдыз жүзүң көзгө элестеп
Жылаажындай күлкүң сагындым
Куса болуп жездей саргарып
Күйүтүмдөн чексиз багындым
Чексиз багындым
Сага арнап сүйүү ырларын
Сага айтам жүрөк сырларын
Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам
Сага айтам тунук сырларым
Махабаттын кезип сапарын
Махабаттын ачкам кырларын
Ачкам кырларын
Табийгат да сенсиз суз тартып
Аянычтуу дайра муңканып
Суу боюнда өскөн камыштар
Шуудурашат үнсүз сумсайып
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм?
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм?
Менин түгөйүм, менин түгөйүм
Written by: Кудайберген Темиров, Ташполот Маматжанов
instagramSharePathic_arrow_out