音樂影片

Нурмат Садыров - БААРЫБЫЗ БИРДЕЙБИЗ
在 YouTube 上觀看「Нурмат Садыров - БААРЫБЫЗ БИРДЕЙБИЗ」

收錄於

積分

演出藝人
Нурмат Садыров
Нурмат Садыров
演出者
詞曲
Камбаралиев Зарлык Камбаралиевич
詞曲創作
Жылдызбек Турсунбаев
詞曲創作

歌詞

Адам болуп жаралган соң адам бойдон калсак өзгөрбөй
Баарыбызга сыноо берет, бир көргөзүп бирде көргөзбөй
Өйдө чыксак ылдый карап, кошо ала кетсек эмине?
Турмуш жүгүн тарта албай артта калгандарды жүдөтпөй
Сен ким элең? Ким болдуң?
Тереңирээк ойлонгун!
Табышмактуу тагдыр жолдорун
Жаманды “сиз” дейбиз
Жакшыны “ким?” дейбиз
Кандай жол күтөрүн
Капилет билбейбиз
Колунда бар, жок деп
Кызматын иргейбиз
Жараткан алдында
Баарыбыз бирдейбиз!
Арабызда адамдар бар, жакшы сүйлөп, жалган жылмайган
Алыс кылсын жакын досту сага каршы душман кылгандан
Арам ишти коркпой жасап акыл айткан жандар көбөйдү
Акыретти ойлобогон, кабары жок адеп, ыймандан
Сен ким элең? Ким болдуң?
Тереңирээк ойлонгун!
Таразалуу тагдыр жолдорун
Акмакты “сиз” дейбиз
Адамды “ким?” дейбиз
Алдыдан кандай жол?
Азгырат билбейбиз
Колунда бар, жок деп
Кызматын иргейбиз
Жараткан алдында
Баарыбыз бирдейбиз!
Written by: Жылдызбек Турсунбаев, Камбаралиев Зарлык Камбаралиевич
instagramSharePathic_arrow_out