音樂影片

Шерзат Иминакун - Бир тууганым 2023
在 YouTube 上觀看「Шерзат Иминакун - Бир тууганым 2023」

收錄於

積分

演出藝人
Шерзат Иминакун
演出者
詞曲
Алишер Тоотаев
詞曲創作

歌詞

Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп
Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп
Азыр кайда бир тууган, асылдарым
Жүрөм баарың сагынып, куса болуп
Бир тууганым, таянар асылдарым
Аска-зоодой бел болор жакындарым
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм
Амандыгың тилеймин баарыңардын
Биз чоңоюп, балалык артта калып
Ар кимибиз ар тарапка багыт алып
Азыр ата-эне болуп калгансыңар
Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып
Күндөр улам зымырап өтүп барат
Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат
Сезимимди кусалык ээлеп алып
Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап
Бир тууганым, таянар асылдарым
Аска-зоодой бел болор жакындарым
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм
Амандыгың тилеймин баарыңардын
Амандыгың тилеймин кымбаттарым
Written by: Алишер Тоотаев
instagramSharePathic_arrow_out