歌詞
Соз узак айтам уккун чунак
Чыркырап чындык жанымда турат мм
Буркурап биз учун тогулгон жаштарга
Жооб берууго бизде мынакей убакыт келип турат
Да да нет нет тилин билбегендерге
Бул кеп жетсе деп жазып турам дептерге
Улуттун уңгусун укпаган бир немеге
Уксун деп калтырдым сиңирип ал денеңе
Учугун улап байыркы элдин
Эл уулу болуп сен
Атанын айткан алтындай кебин
Уулуңа айтып бер
Талабым талабым азыр ушундай
Тарабай туш тушка ээй
Бөлүнбөй бөлүнбөй бирге муштумдай
Кылымдарга барсак ээй
Чөмүлүп түшпө санаага
Чоң аттап жеткин мараага
Кол салып жатса душмандар
Коёндой качпа талаага
Курутуп кетпе элиңди
Эл үчүн төккүн териңди
Тилинен тапты дедирбей
Ойлонуп айткын кебиңди
Журтун баккан эр болот
Жумурай журтка кеп болот
Жулунуп өзүм дегендер
Жер менен кошо жер болот
Айкөл адам кең болот
Адилет айтып тең болот
Ачыткы алсыз адамдар
Ал дүйнө дагы кем болот
Жакырды жээрип жектебе
Алпарып жарга кептебе
Кегиңди сактап ичиңе
Кечирип салгын эстебе
Ата журт баскан жеримде
Тынчтык орноп элимде
Кыргыздын кымыз жыттары
Оргуштап ойнойт сезимде
Талабым талабым азыр ушундай
Тарабай туш тушка ээй
Бөлүнбөй бөлүнбөй бирге муштумдай
Кылымдарга барсак ээй
Written by: Жумабек Уулу Нурболот, Калыбек Уулу Саламат