類似的歌曲
積分
演出藝人
Айтурган Абдразакова
演出者
詞曲
Асанбек Уулу Азамат
作曲
Рысбекова Рабига Рысбековна
詞曲創作
歌詞
Буга чейин күнүм күндөй болбогон
Кусалыктан башка нерсе толбогон
Эт жүрөгүм эрте эле жабыркап
Ушул бойдон каламбы деп ойлогом
Сен жок нечен басып өттүм жолдордон
Үмүтүм бар дагы деле соолбогон
Мени унутту, эстебейт деп ойлобо
Сенин атың жүрөгүмө орногон
Сазга батып санаа мени кечпеди, кечпеди
Байкуш жүрөк жанчылса да эптеди, эптеди
Куйкаланып, уйпаланып сезимдер, сезимдер
Мага ошондо сенин сүйүүң жетпеди, жетпеди
Сазга батып санаа мени кечпеди, кечпеди
Байкуш жүрөк жанчылса да эптеди, эптеди
Куйкаланып, уйпаланып сезимдер, сезимдер
Мага ошондо сенин сүйүүң жетпеди, жетпеди
Башка жандар сендей мага болбоду
Бакыт болуп багыма эч конбоду
Айтчы мага издеп сени барайын
Барбы деги махабаттын жолдору
Жыйнала албай чар тарапта ойлорум
Балким бүгүн сен да мени ойлодун
Бирибизге жетпей такыр колубуз
А мен сендик, а сен мендик болбодуң
Сазга батып санаа мени кечпеди, кечпеди
Байкуш жүрөк жанчылса да эптеди, эптеди
Куйкаланып, уйпаланып сезимдер, сезимдер
Мага ошондо сенин сүйүүң жетпеди, жетпеди
Сазга батып санаа мени кечпеди, кечпеди
Байкуш жүрөк жанчылса да эптеди, эптеди
Куйкаланып, уйпаланып сезимдер, сезимдер
Мага ошондо сенин сүйүүң жетпеди, жетпеди
Written by: Асанбек Уулу Азамат, Рысбекова Рабига Рысбековна