Kredity
PERFORMING ARTISTS
Gulnur Satylganova
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Gulnur Satylganova
Songwriter
Texty
Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Дасторконго жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй таза, туптунук.
Колдо барын төгүп салып,
Аябагын достордон.
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан калган мурас,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарын колдосун.
Дасторкондун даамын сызып,
Көтөрөлү көңүлдү.
Ынтымагы болсун дайым,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.
Written by: Гульнур Сатылганова