Musikvideo

Vorgestellt in

Credits

PERFORMING ARTISTS
7Gen
7Gen
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Медер Кадыров
Composer
Сапарбеков Бакытбек
Songwriter

Songtexte

Биринчиден саламдашып кетейин дегем Адамдар менен эч нерсени ээрчибеген Туурабаган кимдир бирөөнүн артынан Кайтпаган өз оюнан, максатка тартынган! Күндө кылып жүргөнү жарашып атына Ысык салам сендейдин жалпы жааматына Жакындан жакынга ар дайым сагынган Өмүрдүн бөлүгүн алмашпай келип алтынга! Каерде болбосоң да, эмне кылбасаң да Эски ырлардан угуп коюп анда санда Чөнтөк толук болгон кезде каалаганды танда Бата тилеп оомин кылып коюп жаратканга! Эрте кеч деп айтса болбойт го дейм таң атканда Ал өзү каалагандай күн берет ааламга Кудайга шүгүр ден соолук апам, атамда барда Убакыт барга аларды барктаганга! Күн артынан күн өтөт, бир басып бир күчөтө Кек сактабай таарынычты чыгар жүрөктөн Түн артынан түн өтөт, күн айланып дүйнөдө Кылымдар жылдай, жылдарың өтө мүнөттөй Ким качан кетет? Бүгүн же болбосо эртең Бүрсүкүнү, эмки жумада, бир айдан кийин Канча акчаң жетет өмүрүң узарганга чейин? Аны менимче сен дагы, мен дагы билбеймин Саналуу убакыттын канатында Бир келген өмүрдү сүрөмүн Саналуу убакыттын канатында Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм! Саналуу убакыттын канатында Бир келген өмүрдү сүрөмүн Саналуу убакыттын канатында Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм! Негизи айтчы досум кейигенде эмне пайда? Өкүнгөндө, дем ала албай кайгырганда Андан көрө мурдагыдай көлдү көздөй айда Жок дегенде Ала арча калат бийик маанайда Биздин дүйнөдө тагдыр билесиң ар кандай да Бир жетектейсиң, бир көтөрүлгөнүң жайдан Көптөгөн себептер бар мына ошонун айынан Доскелерим Россия, Америка, Дубайда! Айырмасы бираз ким эмнени кааласа Канча кыймылдаса жыйынтык ошого жараша Бирок кээде алдап коет тең көрүнгөн тараза Утасың же жутасың сырттан өзүң карасаң! Адамды өзгөрөт деп жылдар өттү арадан Баягылар баягы эле бойдон калган Баягы бала көп окуп жүргөн жарамазан Өзгөрөт эмес, өсөт экен дечи адамдар! Акыркы сезимдер менен жашагансып Элестетсең жыргал жашоо азыркы кезиңде! Ырларымды жеткизе таасир этсе сага Жеңил болмок мага дагы туура ирээтинде! Жардамдашып мен кеп менен болсо деле Сенин аракетиңе эгер жүрсөң эгинде Эч качан эринбе мен сен менен досум бирге Шаар же кыштактын ичинде түз эфирде! Саналуу убакыттын канатында Бир келген өмүрдү сүрөмүн Саналуу убакыттын канатында Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм! Саналуу убакыттын канатында Бир келген өмүрдү сүрөмүн Саналуу убакыттын канатында Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм!
Writer(s): медер кадыров, сапарбеков бакытбек Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out