Top-Songs von Toktobek Asanaliev
Credits
PERFORMING ARTISTS
Toktobek Asanaliev
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Калмурат Рыскулов
Composer
Жолон Мамытов
Songwriter
Songtexte
Сүй журтуңду, сүй жериңди, жарыңды
Адалдыкка бер күчүңдү, каныңды
Кыйын чакта кыйган болсоң өмүрдү
Кыяматта калк унутпайт аныңды
Адам пенде акын болбо ашынба
Акмак болбо адалдыкка таш урба
Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп
Ажал деген кылыч турат башыңда
Найзалашмай, кылычташмай жок заман
Кийими бүтүн оокаты мол ток заман
Ой энеден найза жасап, бирок дейм
Кырчылдашын токтотпогон шок заман
Ойлой берсең ооруу менен ажалды
Алып тынат ал күчүңдү, мазаңды
Андан көрө келээр кечтин камын көр
Тамак астыр, боркулдатып казанды
Соогунбасын семиз менен арыкта
Күндүн-түндүн айырмасы жарыкта
Кимге тансык түн уйкуңдун ширини
Күндүз кылган ишиң калат тарыхта
Ойлоруңду элиң менен бөлүшкүн
Чын төгүнүн сынга салып көрүшсүн
Баарың жаман мен жакшымын дебегин
Жалгыз өзүң айдабайсың жер үстүн
Арак деген айлап, жылдап акырын
Алып тынат акылмандын акылын
Дал ошондон ичпейт аны акылман
Не жүйөөңө сен ичесиң акыным
Бирөө суусун таппай жүрөт ичээрге
Бирөө кечүү таппай жүрөт кечээрге
Мунун баары тизгин каккан жолоочу
Оо тирүүлүк сенин жалгыз көчөңдө
Эсен-аман эс тарттырып урпакты
Өтсөк экен ыйык сезип турпакты
Океандар тың шарпылдап турса экен
Чайпалбайт, чайпабайлы кургакты
Сулууларды суктандырат иреңи
Баатырлардын таш омкорот билеги
Кезегинде бир сулуунун жүрөгүн
Жеңе албаптыр миң баатырдын жүрөгү
Тирүүлүңдү сапарыңды күбөөлөр
Өмүрүң жол эрте-кечби түгөөнөр
Түмөн кылып түгөнбөстөн ал жолдо
Түйшүк тартып өтө берет түмөн эл
Адам пенде жакынынан айрылат
Тирүүлүктө канат эчен кайрылат
Жазалагын тагдыр барын чын болсо
Кайгырганды, жаткандарды сайгылап
Көзөлдөрдүн көрүп шалбар көйнөгүн
Муну эстедим баарын коюп өңгөнүн
Тыт баригин кырк күнү жеп жибек курт
Сулууларга жибек чубап өлгөнүн
А бул дүйнө ажайып бир керемет
Убакыттын калбырына эленет
Биз тирүүлөр чек арасы болобуз
Сансыз элдин өткөн жана келе элек
Адам пенде дасторконуң жайгын да
Пейилиң төк бирок мунуң айрым да
Үлпөтүңдө отургандын баарысы
Келип бербейт катаал күндө, кайгың да
Адам пенде өжөрсүң да, кежирсиң
Илим ойсуң көк катылган сезимсиң
Аары менен кумурскадан кийинки
Табигаттын мээнеткечи өзүңсүң
Written by: Жолон Мамытов, Калмурат Рыскулов