album cover
Nomad
album cover
00:00
01:05
01:30
01:35
02:15
02:25
02:40
02:45
02:55
03:50
00:00
04:08
Letzte 7 Tage
Nomad wurde in der vergangenen Woche am häufigsten etwa 2 minuten and 25 sekunden nach des Songs entdeckt

Musikvideo

Musikvideo

Songtexte

Ала тоолор курчаган
Айланада көчмөндөр
Меймандуу улуттардан
Байкалгандай миң өнөр!
Ар башка аймактан келген көчмөндөр күч салышкан
Каада салтты унуттурбай тарыхый күн табышкан!
Келди таанымал туугандар топтолуп тээ алыстан
Баш байге деп ар бир жарыштан!
Улутубуз ар башка бирок бир асман
Биримдикте болуп бөлүнүүгө барбай
Кыялдарыбыз ар башка бирок бир асман
Ынтымак болбосо кенен үйүң тардай!
Ала тоо менин мекеним
Абдан чоң сыймык экенин унутпай баркта, урпак үчүн сакта!
Менин кыргызым!
Жаа менен атам десең кел
Салбурунда кандай деңгел
Күрөшкүлө аккандай тер!
Көк-Бөрүгө көпкөк асмандуу жер!
Жарышып келип азыркы чакта
Бекемдей берели баарыбыз тең ынтымакта!
Эгерде маани берсең акыркы сапка
Мекениңди сүй татыктууну гана жакта!
Улутубуз ар башка бирок бир асман
Биримдикте болуп бөлүнүүгө барбай
Кыялдарыбыз ар башка бирок бир асман
Ынтымак болбосо кенен үйүң тардай!
Ала тоолор курчаган
Айланада көчмөндөр
Меймандуу улуттардан
Байкалгандай миң өнөр!
Written by: Bakytbek Saparbekov, Chyngyz Aliev, Erlan Tashpolotov
instagramSharePathic_arrow_out􀆄 copy􀐅􀋲

Loading...