Συντελεστές
PERFORMING ARTISTS
Ырыскелди Осмонкулов
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Бакыт Алишеров
Songwriter
Шайлообек Дүйшеев
Songwriter
Анатай Өмүрканов
Songwriter
Кыялбек Урманбетов
Songwriter
Бакыт Шатенов
Songwriter
Чырмаш Төрөбеков
Songwriter
Στίχοι
Өскөн жер ыйык мазарым
Өргүтүп жарпым жазарым
Өмүр жол сенден башталып
Өмүрдөн бүтөр сапарым
Кадыры кымбат жерим сен
Каректер тамган, меңим сен
Караным жүргөн Манастын
Кагылып кетчү элим сен
Көргөндүн канбай кумары
Көйкөлүп өскөн тулаңы
Бабамдан калган ыйык жер
Баламдын дагы турагы
Кадыры кымбат жерим сен
Каректер тамган, меңим сен
Караным жүргөн Манастын
Кагылып кетчү элим сен
Өз үйүм өлөң төшөгүм
Өрт болуп күйүп өчөйүн
Чынары болбой өзгөнү
Чырпыгың болуп өтөйүн
Кадыры кымбат жерим сен
Каректер тамган, меңим сен
Караным жүргөн Манастын
Кагылып кетчү элим сен
Written by: Анатай Өмүрканов, Бакыт Алишеров, Бакыт Шатенов, Кыялбек Урманбетов, Чырмаш Төрөбеков, Шайлообек Дүйшеев

