Music Video

Music Video

Lyrics

Ай нуру бизге төгүлдү ай
Алтыным аччы көңуүлдү ай
Ардактап жүрүр өтөлү
Алдагы турган өмүрдү
Ардактап жүрүр өтөлү
Алдагы турган өмүрдү
Күн нуру бизге төгүлдү ай
Күмүшүм аччы көңүлдү ай
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү
Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү
Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү
Жалбырак учуп дирилдеп ай
Жабыккан түрүн билдирет ай
Жашылдуу кезде жайнайлы
Жашообуз канча ким билет
Жашылдуу кезде жайнайлы
Жашообуз канча ким билет
Алыска кетем эл үчүн ай
Айланып келем сен үчүн ай
Атайын ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн
Атайын ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн
Асылкеч курбум мен үчүн
Written by: Аалы Токомбаев, Абдылас Малдыбаев
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...