Letras

БЖ Мезгил менен бирге болуп сууда сузгон балыктай Ачылбай жүр баардыгына сыр катылган сандыктай Аныктай бил, суроолоруң болсо сенин Тынч уктайсың эмкиде угулбайт жаңылыктай! Дүйнө жүзүндө болуп жаткан нерселерди көрүп Мага баарыбир жетип келбейт десең эгерде Ким билет эмне болоорун, ким эмнени колдоноорун Кудай сактап бизге жакшы жагдай тузуп берсе! Канча тууганыбыз чет өлкөдө табат акча Ал акчасы үй-бүлөөгө, кийим кече, тамак ашка кетти Кайда жүрбө акча, тиги-буга акча Майда чүйдө акча бирден тергенсип жетти Бирок элдин баары бирдей болбой калганы Иштеген кыргызды, иштебеген кыргыз алдады Суу куйуп кетсе сенин жакын биртууган адамың Азыр кыргыз кыргыздан жалкып калганы жалганбы?! Тилибиздин экинчи ойношу пайда болду Кыргызбайдан башка бизнесмендер, түркбайлар толду Көтөрүлүштө учкандар бийлигине кайра конду Баягы эле беттер кайра тоңду, доллар жейт сомду Кыйнап коомду, билегиң ичкеби же жоонбу? Пейил кичик же чоңбу? эгер өзүң билсең болду анда Көрөлү сендейлер өкмөттүн даражасын бийик болтурганда БЖ Бир, эки санап көрсөм деги Жалпы биртууган тааныштарымдын ичиндеги Кээде кээде жаан жагандай салам алейкум берип 77 пайызы тааныш бойдон келет Эртеден кеч умтулсаң демек картайган чалсын Иничектериңди унутсаң начар аксакалсың Достор айткан тамашадан сынып калган талсың Сөз талашкан аларча Ала Арчада калсын Иниси жок ага эң жаш, агасы жок ээн баш Намысы бөксөрүп жок болуп тизелегени маш Ден-соолугун сурап, улуулар менен учураш Өлүп бараткансып тагдыр чечилип сенсор чукулашып Заманбаптын асыл ташы, ушунун канчасы жакшы Көп көппөй атырылбасын азыр, бизде баары аралаш Ар бир шайлоо күнүндө Канча аласың добушуңа же булбулдай үнүңө? Сен сатып алган дипломуңдан пайда көрбөй өкүнө Эгер болсо баары өз ордунда, бийчи ырдабай, ырчы бийлебегенин өтүнө Ачкөздүн чөнтөгүнө батпаган, батат койунуна Таза болоюн да деген ою да болсо ой мына! Өнүкмөкбүз бир заматта, жаркын келечек алдыда, калганы артта Өзүң үчүн жооп берүүнү илип мойунуна! БЖ Шоу-бизнес дагы бизнес да кирешелуу Кооз кийимчен бийлеп үнүн созгонуна ишенеби? Сылык сөздүн жаны жок, булбулдай үнү болсо дагы Элди дүлөй көрүп самапал бүт жаңырган ырлары Кетсин ары, кулагымды жылыта турган Сатаев, Бектурганов Жана башкалар жөпжөнөкөй адашпаган Музыка менен жан дуйносу менен саптаган Кайда жүрбөсөң чаптагам күүлөөрүн оозеки жаттагам Мен ырдагам, сыймыктанамын дагы эле Азыркылардын көбү мага жага элек Балким жакпайт мага эле Чын жүрөктөн баарыбир Кана кайсы аткаруучу таза ырдайт, бирок жаны кир?! Сөзүнө гана эмес өзүнө дагы сен бирткеден маани бер Алардын дүйнөсүн гой Күндө майрам, күндө той Деген ырчыларда ой жашоонун уландысындай тилегинде эч токтобой турса Ичиң менен ырдаган ачка калбастыр курсагың! Элүү тойдон буйуртса келет жаңы крузак Анан бир күнү карыганда бала чакаларын укса кузат Чала ырчы нота бузат, жаны жок ырың муздак, мокок бычактай мууздайт Болот экен да ушундай Өтө эле жинденип кеткенмин окшойт кечирим сурайм Жөн эле түкүрүп салайын дегем жүрөктүн ачуусун уудай Туура эмес сүйлөсөм бул жерден мени кечирсин кудай Бул Кыргыз Рэп 2016! Жерге сайган буудай, эсте сакта унутпай
Writer(s): сапарбеков бакытбек Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out