Canciones más populares de Аваз Акимов
Créditos
ARTISTAS INTÉRPRETES
Аваз Акимов
Intérprete
COMPOSICIÓN Y LETRA
Аваз Акимов
Composición
Тимур Салиев
Letrista
Letra
Ойлор учуп келечекке баратат
Окуучулук күндөрүңдү барактап
О-уу окуймун деп келген элең Бишкеке
Айылдагы мектебиңди аяктап
А мен сени көрүп көңүл толгонуп
Ээ боло албай сезимдерге, ойлонуп
О-у айылдагы кыздын сыры башкача
Жүрсөм деймин жетелешип бир болуп
Ай айылдык кыз ашык болдум сага
Көргүм келип сени кайра кайра
Жүрөктөн байка
Жүрөктөн арна
Сүйүүңдү сен да мага
Ай айылдык кыз ашык болдум сага
Ойлой берем сени ар бир танда
Эзилип жүрөк
Ал күтүп жүрөт
Өзүңдү кайра- кайра
Күлгөнүңдөр күндүн нуру төгүлөт
Көздөрүңдөн менин бактым көрүнөт
Сенден бөлөк эч ким көзгө илинбей
Жалгыз гана сага оюм бөлүнөт
Макул десең бир айласын табалы
Махабатка өчпөс болуп жаналы
О-уу экөөбүзгө баары бирдей суктансын
Келчи бирге бак аралап басалы
Written by: Аваз Акимов, Тимур Салиев