Clip vidéo
Clip vidéo
Crédits
INTERPRÉTATION
Гульнур Сатылганова
Interprète
COMPOSITION ET PAROLES
Гульнур Сатылганова
Paroles/Composition
Paroles
Эсеби жок бийигиңде жылдыздын
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун
Эли жерин көктөн колдоп турганга
Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың
Асман, асман кээде булут жамынып
Адамдардын тардыгына ыйлайсың
Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп
Жашап келет, ачык асман эл тилеп
Көз алдыңан канча заман өтсө да
Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп
Асман, асман көөнөрбөйсүң, сынбайсың
Ай жылдыздар айланса да жылбайсың
Асман, асман кээде булут жамынып
Адамдардын тардыгына ыйлайсың
Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?
Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат
Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры
Мен ишенем, жаным сенден жай табат
Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың
Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың
Асман, асман кээде булут жамынып
Адамдардын тардыгына ыйлайсың
Written by: Гульнур Сатылганова


