Titres les plus populaires de Гульнур Сатылганова
Titres similaires
Crédits
INTERPRÉTATION
Гульнур Сатылганова
Interprète
Султан Садыралиев
Interprète
COMPOSITION ET PAROLES
Роза Аманова
Composition
Барпы Алыкулов
Paroles/Composition
Paroles
Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо
Караңгы жарык болбойт, ай болбосо
Чыракта пилик күйбөйт май болбосо
Талаанын көркү кайда, гүл болбосо
Гүл ачып кубат албаайт, күн болбосо
Акындар ырдай албайт, тил болбосо
Душманың жазганабы сүр болбосо
Ала тоо көрккө келбейт Эл болбосо
Комуздан аваз чыкпайт, кыл болбосо
Сүйүнүп эл каалабайт ыр болбосо
Аялдын көркү кайда чач болбосо
Тоолордун салмагы аз, таш болбосо
Узакка кабар жетпейт, кат болбосо
Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо
Ак жүздө кызыл болбойт, нур болбосо
Сооданын иши жүрбөйт пул болбосо
Нан чайнап жуталбайсың тиш болбосо
Балбандын аты чыкпайт күч болбосо
Көздөгөн максатыңа жеталбайсың
Колуңда бардык жарак бүт болбосо
Чарбанын көркү кайда мал болбосо
Сулуунун көркү болбос кал болбосо
Ар киши адашасы жол болбосо
Өрдөк, кааз кайда конот көл болбосо
Арчанын саясы жок, шак болбосо
Булбул, куш кайда конот бак болбосо
Дайралар толкуп ташпайт сел болбосо
Аргымак ат арыбайт эл болбосо
Дыйканга түшүм кайда жер болбосо
Ала -Тоо көрккө келбейт Эл болбосо
Written by: Барпы Алыкулов, Роза Аманова