Video Musik

AGA-INI x Salidinas x Urmat Tokombaev - Сен жана мен (2020)
Tonton AGA-INI x Salidinas x Urmat Tokombaev - Сен жана мен (2020) di YouTube

Ditampilkan Di

Dari

PERFORMING ARTISTS
AGA-INI
AGA-INI
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Таалайбек Уулу Иляз
Composer
Асанбеков Мирлан
Songwriter
Салиева Диана
Songwriter
Урмат Токомбаев
Songwriter

Lirik

Сени гана сүйөмүн, менин түгөйүм
Бир өзүңө арналат миңдеген күндөрүм
Жана дагы ушул саптарым
Аны кабыл ал жаным
Жүз пайыз, сен мени билесиң
Мен сени билемин
Сени кандай эңсесем, сен дагы эңсейсиң
Мен аны сеземин, кайда гана болбоюн
Ошондуктан бир сенде ойум
Оюн дебе ортобуздагы мамилени!
Анткени, сенин теңиң болууга бул дүйнөдөгө келгемин
Эми, алмаштыргыз адамы сенсиң пери
Кайырма:
Сен жана мен
Ай менен күндөй
Бири-бирибизди толуктайбыз ар убак
Бири-бирибиз жок орундалбайт махабат
Бил! Бир сен жана мен
Түн менен күндөй
Бири-бирибизди толуктайбыз ар убак
Бири-бирибиз жок орундалбайт махабат
Бил! Бир сен жана мен
Биз бир бүтүнбүз, түгөйбүз
Эч качан бөлүнбөйбүз,
Деген ой менен экөөбүз
Жаркын келечекти көздөйбүз
Өзгөргүз сүйүм сага садагам,
Түбөлүктүү калат сакталып
Жеңип тагдырдын татаалдын,
Ал чыныгы деп аталат
Аптадан-аптага күч алып,
Ортобуздагы махабат
Сүйүүбүзгө бек турсак баардык кыялдар орундалат!
Ырыскылуу үй, ыймандуу үй-бүлө
Андан башка эмне керек бул жалган дүйнөдө
Сүйгөн адамды табуу,
Ал менен турмуш куруу.
Курган мамиледен, ар бир көз ирменден ырахат алуу.
Мына, бул жашоонун керемети.
Бирөө менен тең бөлүшкөн жалгыз нанды, керебетти
Өзүң болдуң менин жүрөгүмдүн ээси
Башкалар эмне гана дебесин
Чын дилим менен тандадым сени,
Бир сени...
Өзүң болдуң менин жүрөгүмдүн ээси
Башкалар эмне гана дебесин
Чын дилим менен тандадым сени,
Бир сени...
Кайырма:
Сен жана мен
Ай менен күндөй
Бири-бирибизди толуктайбыз ар убак
Бири-бирибиз жок орундалбайт махабат
Бил! Бир сен жана мен
Түн менен күндөй
Бири-бирибизди толуктайбыз ар убак
Бири-бирибиз жок орундалбайт махабат
Бил! Бир сен жана мен
Written by: Асанбеков Мирлан, Салиева Диана, Таалайбек Уулу Иляз, Урмат Токомбаев
instagramSharePathic_arrow_out