Crediti
PERFORMING ARTISTS
Нурлан Насип
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Нурлан Насип
Songwriter
Testi
(Жутпадым сен жыттанган)
(Жутпадым сен жыттанган)
(Сүйүү балын)
Нөшөрлөп эжай бербей жамгыр төксө
Жамгырдай толгон карек жашын сепсе
Жүрөгүм жаш кесилип келээр бекен?
Жанымдын кыйын алганын жаның сезсе
Сезбеди сагынганым сенин жаның
Саргартып кан жүрөктү ажарладың
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным
Жутпадым сен жыттанган
Жутпадым сен жыттанган
Сүйүү балын
Айта албай убакыттын эрте-кечин
Сыялап сырлар жазам кагаз бетин
Кетипсиң кайра келбес сапарыңа
Калтырып махабаттын ыр-кесесин
Сезбеди сагынганым сенин жаның
Саргартып кан жүрөктү ажарладың
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным
Жутпадым сен жыттанган
Жутпадым сен жыттанган
Сүйүү балын
Конбоду чынарымдын бутагына
Кыспадың койнуң толо кучагыңа
Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң
Карматып кыпкызыл чок бутагыңа
Сезбеди сагынганым сенин жаның
Саргартып кан жүрөктү ажарладың
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным
Жутпадым сен жыттанган
Жутпадым сен жыттанган
Сүйүү балын
Сезбеди сагынганым сенин жаның
Саргартып кан жүрөктү ажарладың
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным
Жутпадым сен жыттанган
Жутпадым сен жыттанган
Сүйүү балын
Written by: Нурлан Насип

